Биз социалдык тармакта

Кадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган шектүү кармалды

Баткен облусунун Кадамжай шаарында мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустун милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 03:30 чамасында санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн инспектору Аль-Бухари мечитинин короосунда белгисиз жаран садака кутучасын бузуп, ичиндеги акчаны уурдап жаткандыгы тууралуу маалымат берген.
Буга байланыштуу кылмышка шектүү катары Ош облусундагы Ноокат районунун 19 жаштагы Ж.И. аттуу жараны кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан