Ош шаарында жашыл аймактарды көбөйтүү жана тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүү багытында жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымдады.
Шаар мэри Жанарбек Акаев тарабынан берилген тапшырманын негизинде, Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу И. Разаков көчөсүндө жаңы сквердин курулушу активдүү жүрүп жатат.
Долбоордо заманбап эс алуу аймактарын түзүү, жашыл зоналарды кеңейтүү жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу инфраструктура куруу каралган.
Курулуш иштерин Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.
Жалпысынан шаар аймагында 10 жаңы сквер жана эс алуу жайларын куруу пландалган. Учурда алардын бир бөлүгүндө иштер кызуу жүрүп жатат.
Бул демилге шаар экологиясын жакшыртып, тургундар үчүн жайлуу жана коопсуз коомдук мейкиндиктерди көбөйтүүгө багытталган.