Биз социалдык тармакта

Ош облусунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында жаңы мектеп расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан курулуп, бүгүн алгачкы окуучуларын кабыл алды.

Жаңы мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, заманбап талаптардын негизинде салынган. Имаратта кең жана жарык окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, эмгек кабинеттер жана компьютердик класс каралган.

Мектептин жалпы аянты 1425 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу эки блоктон турат. Ошондой эле аймакта футбол, волейбол жана баскетбол ойноо үчүн атайын спорт аянтчалары курулган.

Белгилей кетсек, жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы айыл тургундары үчүн маанилүү окуя болуп, окуучуларга сапаттуу билим алуу үчүн шарттарды жакшыртат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан