Биз социалдык тармакта

Нарында курулуш талаптарын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Нарын шаарында курулуш талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн.

Текшерүү учурунда шаарда курулуп жаткан саркынды суу түтүктөрүндө техникалык регламенттер, курулуш нормалары жана коопсуздук талаптары толук сакталбаганы аныкталган. Бул мыйзам бузуулар объекттин сапатына жана коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратары белгиленди.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан China Road and Bridge Corporation компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө административдик чара көрүлүп, 200 миң сом айып салынды.

Ошондой эле компанияга аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Курулуш көзөмөл органы бардык компанияларды белгиленген нормаларды так сактоого чакырып, талаптар бузулган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан