АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга байланыштуу позициясын дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, АКШ Иранга каршы киргизилген санкцияларды (блокаданы) жакын арада алып салбайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Трамп белгилегендей, чектөөлөрдү алып салуу үчүн алгач Тегеран менен жаңы келишим түзүлүшү керек. Анын сөзүнө караганда, келишим болмоюнча экономикалык жана саясий басым уланат.
Бул билдирүү АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалган мамилелер дагы эле сакталууда экенин көрсөтөт.
Эске салсак, АКШ менен Ирандын ортосундагы санкциялар жана сүйлөшүүлөр маселеси акыркы жылдары эл аралык саясаттагы негизги темалардын бири болуп келет.