Биз социалдык тармакта

Кыргыз дзюдочулары Азия чемпиондугунан кайтып келишти (сүрөт)

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайда өткөн Азия чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу 21-апрелде Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Курамда спортчулар, коштоочулар, машыктыруучулар, дарыгерлер жана укалоочулар бар.
Спортчуларды “Ак жол” өткөрүү пунктунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, агенттиктин кызматкерлери тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Азия чемпиондугу 16-18-апрель күндөрү өтүп, ага 19 өлкөдөн 197 спортчу катышты. Жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 4:3 эсебинде коло медалга ээ болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан