Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин айлыгы тууралуу түшүндүрмө берди

Интернет желесине дарыгерлердин айлык маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү тарап, айлык көбөйбөгөнү боюнча күмөндүү билдирүүлөр коомчулукта талкуу болууда. Бирок анда март айына эсептелген эмгек акы көрсөтүлгөндүгүн кечээ, 21-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Экерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта көбөйтүлдү.

Маалым болгондой, март айында эмгек акы мурдагы эсеп менен берилген, ал эми жогорулатылган эмгек акы апрель айынын жыйынтыгы менен, айдын аягында төлөнөт.

"Тараган квитанцияда толук ставка эмес, 0,5 ставкада иштеген кызматкердин эмгек акысы көрсөтүлгөн. Мурда мындай ставка 8617 сомду түзсө, азыр болжол менен 13 500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, 7500 сом өлчөмүндө президенттик компенсация кошулуп, жалпы эмгек акы 21 миң сомго чейин жетет",- деп белгиленген маалыматта.

Мисал катары 1 ставкада иштеген 10 жылдык тажрыйбасы бар, II квалификациялык категориядагы дарыгердин айлыгы эсептелген.

  • Базалык оклад: 27104 сом;
  • Иш стажы (10 пайыз): 2710 сом;
  • Квалификациялык категория үчүн кошумча: 2000 сом;
  • Жалпы эсептелген эмгек акы: 31 миң 814 сом;
  • Ага кошумча президенттик компенсация: 15 миң сом;
  • Жалпы эсептелген сумма: 46 814 сом. Колуна тийгени: 39 260 сомго чейин.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан