Биз социалдык тармакта

Тармактык комитет Улан Маматкановдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 21-апрелдеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Улан Маматкановдун талапкерлиги каралды.

Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев маалымат берди. Жыйынтыгында комитет Маматкановдун талапкерлигин жактырды.

Ал өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп 15-апрелде дайындалган.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Эдил Байсалов аркалаган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан