Байтик айылынан Ала-Арча паркына чейин веложол курулууда
Чүй облусуна караштуу Байтик айылынан Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына чейинки жалпы узундугу 13 чакырымды түзгөн веложолдун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Пландалган иштердин негизинде жолдун 4800 метр тилкесинде иштер бекитилген графикке ылайык уланып жатат.
Эскерте кетсек, 2025-жылы веложолдун 4200 метр аралыгына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.