
Сузактагы окуучуларга кол көтөргөн мугалимдин окуясы боюнча Агартуу министрлиги үн катты.
"Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат",- деп белгиленди маалыматта.
Айта кетсек, Сузактага №22 мектепте башталгыч класстын окуучуларына кол көтөргөн мугалимдин окуясы 25-мартта орун алган. Тийиштүү видео коомчулукка тарап, мугалим 15-апрелде кызматынан кеткен.