Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 05:26да катталып, күчү болжол менен 3 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу эки өлкөнүн чек арасында Күңгөй-Ала-Тоо тоо кыркасында катталган. Ал Григорьевка айылынан түндүккө карай 23 чакырым, Кожояр айылынан түндүк-батышка 22 чакырым жана Ананьево айылынан түндүк-батышка 26 чакырым аралыкта орун алган.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген эмес.