Ысык-Көлдүн Тамчы аймагындагы көлдүн жээги саздак болгондуктан туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо максатында топурак (грунт) төгүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Курулуш министрлиги билдирип, мындай ыкма чет өлкөлөрдөгү алдыңкы туристтик объекттерде кеңири колдонулуп келерине токтолду.
"Учурда аталган аймакта көлдүн жээгиндеги саздак тилкелердин абалын жакшыртуу жана жээкти бекемдөө максатында гана грунт төгүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер көлдүн акваториясын кеңейтүү же көлдү толтуруу максатын көздөбөйт. Төгүлгөн грунт белгиленген көлөмдө тегизделип бүткөндөн кийин жээк мурдагы чегинде сакталат, саздак жерлердин абалы гана жакшыртылат. Белгилей кетсек, бул жерде колдонулуп жаткан грунт ушул эле аймактан алынган. Грунт төгүлгөндөн кийин үстүнө кошумча эленген кум катмары төшөлөт. Учурда экологиялык коопсуздук боюнча бардык талаптар толугу менен сакталууда",- деп белгиленген маалыматта.
Министрлик мыйзамдуулукту сактоо жана экологиялык талаптарды камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесине аталган аймакта көл жээгине топурак төгүлүп жатканы боюнча видео тарап, экологияга зыян келип жатканы боюнча билдирүүлөр жарыяланган.