Май айындагы эс алуу күндөрүндө калкты тейлөө борборлору эс алуусуз иштейт. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү калкты тейлөө борборлору саат 09:00дөн саат 18:00гө чейин жарандарга кызмат көрсөтөт. Бул эс алуу күндөрүндө документ иштерин бүтүрүүгө шарт түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Эмгек министрлиги өлкө аймагында 1-майдан 10-майга чейин эс алуу күнү болорун билдирген.