Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Казакстанда кыргызстандык туристтердин транспортторуна белгисиз адамдар тарабынан зыян келтирүүлөр болуп жатканын айтты.
"Кыргызстандан барган туристтердин, тагыраагы, алардын унаалары, автобустары белгисиз адамдар тарабынан ташбараңга алынып жатат. Эки элдин ортосундагы мамиле жакшы.
Бирок ушундай адепсиз жоруктардын артынан ынтымакка доо кетип калбаса экен. Ошон үчүн биздин Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Туризм агенттиги ушул боюнча иш алып барышса",- деди эл өкүлү.