Москва районунда айдоочу бир айымды сүзүп кетип, ал адам ошол жерден жан берди 

Москва районунда айдоочу бир айымды сүзүп кетип, ал адам ошол жерден жан берди. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 07:40тар чамасында Ош облусунун 37 жаштагы тургуну Кара-Балта-Бишкек унаа жолунда 76 жаштагы айымды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Айдоочунун айтымында, маркум жөө адамдар өтүүчү жолдон эмес, жолдун башка жеринен өтүп бара жаткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
baibai71
2014-01-26 09:53:02
Негизи Кара балта Бишкек унаа жолу туну коркунучтуу,жолдун ар кайсы жеринен адамдар ото берет.
+1
kushbak79
2014-01-26 22:27:19
baibai71, Окуя эрте мененки 7:40 тыда болуптурго.Кечки саат 7 болгондо 19:40 болуп жазылат эле.
0
baibai71
2014-01-27 01:27:10
kushbak79, ошол танкы 7:40 та да карангы болуп жатбайбы.
0
bmv.x6
2014-01-27 00:27:18
тообо кылдым кудай сактасын !!!
0
zman53
2014-01-26 10:18:15
Алыс жолго чыккан айдоочулар эч качан жол ылдамдыгын карабай айдашат.Адырандап баратып бироонун убалына калды.
0
nadejda
2014-01-26 10:38:46
Бишкектен Кара-Балтага чейин жолго тvнкvсvн жарык бергич чырактарды койуш керек. Карангы тvнд8 капыстан чыга калган адамды сvзvп кетишин толук мvмкvн. Бир жолу аз жерден мас келинди сvзvп ала жаздагамын мен...
+1
nurel50
2014-01-26 10:55:46
Олтуро сузуп кетти дегенди башкачараак кылып жазса болбойбу
+1
bomba
2014-01-26 12:18:30
Бул Урумчудон келген заказ болушу мумкун...
0
sterva
2014-01-26 13:04:51
Жакында, бироо не то осуруп койсо да Бакиевдер куноолу болушат))
0
lucky_star
2014-01-26 16:10:06
sterva, хе хе туура айтасыз, не то тамактанып алса да Бакиевди куноолоп калышат эми.
0
Egen.Osh
2014-01-26 13:24:33
Бизде мындайлар акыркы убакта конумуш адатка айланып баратат,автор жазгандай"олтуро сузуп качып кеткендер".Андайларды кармаса акча менен оозун жабат болду оной кутулат.
0
allan
2014-01-26 14:33:40
Egen.Osh, эми айдоочу дагы атайын сузуп кетпесе керек..Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей.((
0
kanybek_kg
2014-01-26 14:46:34
allan, азыр кыргызстанда кырсык каш кабакты ортосунда эмес кырсык жаныш бакиевтин жана максим бакиевти ортосунда
+1
lucky_star
2014-01-26 16:13:02
kanybek_kg, Бакиевдерде аласаныз бар окшойт го ээ?
0
nurel50
2014-01-26 18:11:15
kanybek_kg, ха ха
0
aiba91kg
2014-01-27 03:46:43
kanybek_kg, Сен мээн жайында элеби бир тиешеси жок нерсеге деле Бакиевдерди жаза берипсинда? Жазат десе эле жаза бербей.
0
Egen.Osh
2014-01-26 22:09:28
allan,Кырсык каш кабактын ортосунда дегенин туура,кырсыктын качан болуп кетишин кудайдан башка эч ким билбейт.Анан эмне сузуп качып кетиш керек бекен,токтоп жардам берип больницага жеткируунун ордуна?
-1
infiniti
2014-01-26 14:35:41
Ар бир адам, жол эрежелерин жакшы билип,сактаса. Бир гана айдоочу эмес,жоо жургон адамдар да сакташса дейм.
+1
aibekovich007
2014-01-26 16:33:10
Уруп кеткип ошол жерде каза болду десе болчудай. Олтуро сузуп кетти))
0
Sharipa-asia
2014-01-26 18:28:21
Биринчиден айдоочулар жол эрежелерди бузбаш керек, экинчиден кырсык айтып келбейт эмеспи, андыктан кырсыктан аллахым ар бир пендесин сактасын туугандар! Ушул учун да уруша бербегиле.
0
admin_superstan
2014-01-27 11:10:45
Талкуудан алыстабагыла. Баарыңарга азырынча эскертүү!
Brliantka, aidemi, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Эскертүү!
Дагы эрежени бузсаңар, узак мөөнөткө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан