2026-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Банктар аралык бирикмесинин (БАБ) мүчө-банктарынын эксперттери жана координаторлору катышкан кеңешме болуп өттү. Бул жылы ШКУнун БАБ ишинде Элдик Банк төрага милдетин аткарууда.
Кыргыз Республикасынын борборуна Индия Республикасынан, Кытай Эл Республикасынан, Пакистан Ислам Республикасынан, Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан, Беларусиядан жана Тажикстан Республикасынан ШКУнун БАБга мүчө-банктарынын делегациялары, ошондой эле, ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү келишти.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар банктар аралык кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Отурумдун жыйынтыктары боюнча ШКУнун БАБ 2027–2031-жылдарга карата орто мөөнөт келечекте андан ары өнүктүрүүнү, ESG, туруктуу жана инклюзивдүү каржылоо тармагындагы кызматташуунун жол картасын иштеп чыгууну кошо алуу менен, бир катар олуттуу документтерге баш тамгалар менен макулдукту бекитишти. Катышуучу-банктардын ортосунда тажрыйба алмашууга жана практикалык өз ара аракеттенүү алкагын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Координаторлор ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо маанилүү экендигин белгилешти жана мында кабыл алынган чечимдер мүчө-өлкөлөрдүн каржы институттарынын ортосундагы өнөктөштүктүн өнүгүшүнө кошумча дем бере турганына, ШКУ БАБнын ролун чыңдоого жана уюмдун практикалык максаттарына жетишүүгө көмөктөшөрүнө ишеним билдиришти. Кол коюлган документтер кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашыруу үчүн натыйжалуу инструмент болуп калат.
Кошумча маалымат иретинде. Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмеси (ШКУ БАБ) 2005-жылдын 26-октябрында түзүлгөн. Анын иш-аракети биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоого көмөктөшүүгө, банктар аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин экономикалык өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган.
Азыркы учурда ШКУ БАБнын курамына уюмдун мүчө-мамлекеттеринин ири ыйгарым укуктуу каржы институттары кирет, атап айтканда: Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы, РФ ВЭБ Мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы (Россия Федерациясы), Тажикстан Республикасынын «Амонатбонк» мамлекеттик аманат банкы, Өзбекстан Республикасынын Тышкы экономикалык иш-аракет боюнча улуттук банкы, Казакстандын өнүктүрүү банкы, Habib Bank Limited (Пакистан Ислам Республикасы), India Infrastructure Finance Company Limited (Индия Республикасы) жана «АСБ Беларусбанк» ААК (Беларусь) жана «Элдик Банк» ААК (Кыргыз Республикасы).
2025-жылдын 26-октябрынан тартып 2026-жылдын 25-октябрына чейинки мезгил аралыгында ШКУ БАБ ишине төрагалык милдетти Элдик Банк аткарат. Азыркы учурдагы төрагалык милдеттин алкагында Элдик Банк аталган бирикменин иш-аракетин координациялоо менен, эл аралык делегацияларды кабыл алып, кызматташууну кеңейтүү, туруктуу каржылоо жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүү иштерин ийгиликтүү алып барууда.
Улуттук банктын №033 лиц.