Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Ак-Тектир айылында бала бакча жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев парламенттин 22-апрелдеги жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, бала бакча үчүн жер бөлүнүп, долбоордук-сметалык документтери даяр турат.
"Ак-Тектир айылында бүгүнкү күнгө чейин бала бакча жок. Ал жерде долбоордук-сметалык документтери даяр турат. Жер тилкеси да бөлүнүп берилген. Объектти келерки жылдын бюджетине кошуп берүүнү суранам", - деп депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылды.