Биз социалдык тармакта

Туризм фондунда аныкталган 90 миллион сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо өнүктүрүүнү колдоо фондунда аныкталган 90 миллион сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-2024-жылдар аралыгында фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, өлкөдө туризмди өнүктүрүү тармагында жасалма жакшы көрүнүштү калыптандыруу максатында мамлекет үчүн пайдасыз болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүшкөн.
Бирок аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес. Натыйжада, мамлекетке 90 миллион сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан