Биз социалдык тармакта

Депутат Орусиядагы кыргыз дарыгерлерин өлкөгө чакыруу зарылдыгын айтты

Орусияда иштеп жаткан кыргызстандык медицина кызматкерлерин өлкөгө чакыруу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.

Эл өкүлү саламаттык сактоо министри Москва шаарында мигрант дарыгерлер менен баарлашуу уюштурушу зарыл деп эсептейт.

Айтымында, медицина кызматкерлерин өлкөгө кайтаруу менен аймактардагы кадр жетишсиздиги чечилмек.

"Тоолуу аймактарда дарыгерлер жетишсиз. Бүгүнкү күндө Орусияда Кыргызстандан барган 5 миңге жакын медицина кызматкери иштеп жүрөт. Албетте, ал жакта айлык акылар көп.

Жаңы дайындалган саламаттык сактоо министрине Москва шаарына барып, семинар уюштуруп, алар менен жолугуп, маяна, шарттар тууралуу баарлашууну сунуштайм. Ошол беш миңге жакын дарыгердин 5-10 пайызы келсе деле чоң пайда болмок",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан