Биз социалдык тармакта

"Бир-эки жылда шаар токтоп калат". Депутат Бишкектеги жол маселесин көтөрдү 

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Бишкек шаарына альтернативдүү жолдорду куруу зарыл экенин билдирди.

Жыйында эл өкүлү борбор калаада калк көп болгондуктан, чара көрүлбөсө жакын арада шаар токтоп каларын белгиледи.

"Бишкек шаарында 1,5 миллиондон ашык адам жашайт. Кыргызстандагы калктын көпчүлүгү ушул жерде. Шаарда альтернативдүү жолдор такыр эле каралбай жатат. Магистралдын түштүк тарабы эртең менен токтоп калды. Мына ошол тарапта МИКтин үйлөрү курулууда, бир жылдан кийин үйлөр бүтсө, унаалар кантип каттайт? Калаага альтернативдүү жолдорду көбөйтпөсөк, 1-2 жылдын ичинде шаар токтоп калат",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан