Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде шаардык милиция билдирди.
Маалым болгондой, 20-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айылынын капчыгайында зомбулук белгилери бар чет өлкөлүк жарандын денеси табылды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектүү катары Р.Ж., Ф.Ж., О.Ч. жана А.Т. аттуу жарандар кармалышты.
Бүгүн, 22-апрелде сот чечими менен шектүүлөр эки айга №1 тергөө абагына камалышты. Учурда тергөө уланууда.