Өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекет коңшу өлкөлөргө суу ресурстарын тийиштүү көлөмдө берип, бирок ал үчүн кенемте алынбай жатканын айтты. Президент бул тууралуу Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстандын аймагында суунун жылдык көлөмү болжол менен 50 миллиард куб метрди түзсө, өлкө өз муктаждыктары үчүн болгону 12 миллиард куб метрге жакынын пайдаланат, ал эми калган 38 миллиард куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет.
"Биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз",- деди Садыр Жапаров.
Президент Кыргызстан суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалады.
“Суу чарба секторуна акыркы бир жылда 80 миллион доллар жакын каражат бөлдүк. Соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 миллион доллар багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2 пайызын түзөт. Бирок, бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системди куруу үчүн жетишсиз.
Биз жасаган иштердин баары экосистемдик кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Алар бардык суу пайдалануучулар тарабынан колдоого алынышы жана биргелешип каржыланышы керек",- деп белгиледи Садыр Жапаров.
Өлкө башчы чөлкөмдө суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу экономикалык компенсациялык механизмди заман талабындагы шарттарга ылайык киргизүүнү сунуштады.