Биз социалдык тармакта

Орусияда Кытай жараны бут кийимине жашырылган алтын менен кармалды

Орусиянын Благовещенск шаарында 44 жаштагы Кытай жараны бут кийимине жашырылган алтын менен кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, текшерүү маалында металл издегич анын бут кийиминен сигнал берип, таманынын алдынан 230 граммдан ашык салмактагы алтын жана күмүш эритмеси табылган. Ал болжол менен 2,5 миллион рублга бааланган алтынды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүүгө аракет кылган.

Шектүү бул буюмдарды акча үчүн ташып берүүгө макул болгонун жана мыйзам бузуп жатканын билгенин айткан.

Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, аны 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана ага ири өлчөмдө айып пул салуу каралууда. Укук коргоо органдары бул ишти уюштургандарды да издеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан