
Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде облустук милиция билдирүү таратты.
Милицияга Новониколаевка айылында бычактан жаракат алган киши Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Төмөнкү жагдайлар аныкталган:
- Жабырлануучу шектүүнүн үйүнө спирт ичимдиктерин алып барган;
- Аны ичип отурушкан учурда алардын ортосунда чыр чыккан;
- Шектүү ашкана бычагы менен жабырлануучуга зыян келтирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.