Биз социалдык тармакта

Депутат: "Кара-Көл шаарынын ички жолдору оңдоого муктаж"

Кара-Көл шаарынын ички жолдору оңдоп-түзөөгө муктаж болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Райимберди Дүйшенбиев билдирди.

"Шаардын ички жолдору начар абалда. Шайлоо убагында дагы көргөм. Калаа тургундары ички жолдорго асфальт басып берүүнү суранып жатышат",- деди депутат.

Ошондой эле депутат шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жеткенин белгилеп, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жаңы үйлөрдү салып берүүнү суранды.

"Көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүнүн эскилиги жеткен. Мамлекеттик ипотекалык компания эски үйлөрдү карап, ордуна жаңы заманбап үйлөрдү куруп берсе туура болмок",- дейт эл өкүлү.

Депутат: "Кара-Көл шаарынын ички жолдору оңдоп-түзөөгө муктаж"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан