Кадамжай районунда мал уурулукка шектелип 30 жана 28 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Тамаша айылынын 52 жаштагы тургунунун 5 баш бодо малын уурдашкан. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Алар уурдалган малдарды Өзгөн шаарындагы мал базарда сатып жиберишкен. Сатылбай калган 2 баш малдын биркасын алмаштырып, биринин кулак эн белгисин өзгөртүп, өз үйлөрүндө багып жүрүшкөн.
Тергөөдө шектүүлөр 2025-жылы 2 факт, ал эми 2026-жылы 4 факт боюнча мал уурулукка шектелип жатышканы белгилүү болду. Учурда тергөө иштери уланууда.