Биз социалдык тармакта

WhatsApp тиркемеси өзгөчө функция киргизүүнү пландап жатат 

WhatsApp тиркемеси жакын арада жаңы функцияны киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, аталган функция тиркемедеги көптөн бери окула элек билдирүүлөрдүн мазмунун түшүндүрөт. Бул атайын жасалма интеллекттин жардамы менен ишке ашырылат.

Сунушталып жаткан функция тиркемедеги тайпалардан же жеке адамдан келген көп сандагы окула элек билдирүүлөрдү аз убакыттын ичинде түшүнүүгө жардам берет. Адистердин айтымында, мындай ыкма колдонуучуларга убакытты үнөмдөөгө көмөк көрсөтөт.

Учурда бул колдонмо WhatsApp Android версиясы аркылуу сыналууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан