
Өлкөдө 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун берүү тартибине өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү токтом Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.
Токтомго ылайык, жеңил автоунаанын завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга азайтылып, менчигинде бир турак жайы бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бул жөлөк пулду ала алышат.
Ал эми эки же андан көп турак жайга ээ болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун бул түрү берилбейт. Ошондой эле жөлөк пулга муктаждыгын аныктоочу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.