Бүгүн, 23-апрелде ирандык ырчы Араш 49 жашка толду. Ал иран музыкасын батыш стили менен айкалыштырып ырдап, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн инсандардын көңүлүнөн орун тапкан. Ал 1977-жылы Ирандын борбору Тегеран шаарында туулган. Ырчынын атасы Азербайжан, ал эми апасы Иран улутунан. Үй-бүлөдө ырчы үч бир тууган. Араш балалыгынын алгачкы 10 жылын Тегеранда өткөргөн. Кийин 1980-жылдардын аягында үй-бүлөсү менен Швецияга көчүп кеткен.

Музыкага болгон кызыгуусу Швециядагы колледжде окуп жүргөн кезде башталган. Бала кезинен көздөгөн максатына жетүүгө бүт аракетин жумшаган Араш ырчы болуп, топ түзүүнү туура көрөт. 14 жашка чыкканда мектеп курагындагы музыкага кызыккан балдар менен топ түзүп сахнага чыга баштаган. Алгач индиялык жана швед фильмдерине саундтректерди жазып, башка ырчыларга продюсерлик кылган.
Анын чыныгы ийгилиги өз алдынча ырчы болуп чыккандан кийин келген. Ырчынын алгачкы "Boro Boro" аттуу жеке ыры 2004-жылдын күзүндө чыккан. Бул ыр Швеция чарттарында 1-орунду алып, башка өлкөлөрдө да чоң ийгиликке жеткен. Бул ийгиликтеринен соң Араш дүйнө боюнча гастролдорго чыгып, чоң концерттерди берген. 
2005-жылдын март айында "Arash" аттуу биринчи альбомун чыгарган. Кийинчерээк "Donya", "Superman" аттуу альбомдору жарык көргөн. Ошентип ырчылыкка кадам таштаган Араш тез арада эле дүйнөлүк хитке айланган ырлардын аткаруучусу катары белгилүү болгон. Анын швед ырчысы Хелена Юсефссон менен бирге аткарган “Жараланган периште” (“Broken Angel”) ыры күйөрмандарын кайдигер калтырган эмес. Араш орус ырчылары менен да биргеликте ыр жаздырууга үлгүргөн. Мисалга алсак, “Блестящие” тобу менен “Чыгыш жомогу” (“Восточные сказки”), “Фабрика” тобу менен “Али-Баба” жана башка.
Ал эми 2008-жылы Араш азербайжандык Айсел Теймурзаде аттуу ырчы менен биргеликте “Евровидение” сынагына Азербайжандын атынан катышкан. Сынакка “Дайыма” (“Always”) аттуу ыры менен чыгып, жыйынтыгында 2-орунга ээ болушкан.
Араш – дүйнөгө белгилүү, көп тилде ырдаган жана ар кайсы өлкөлөрдө популярдуу болгон ырчы. Ал англис, фарси, швед жана орус тилдеринде ырдайт.
Жеке жашоосунда Бехназ Ансари аттуу айымга үйлөнгөн. Жубайлардын эгиз балдары бар. Учурда үй-бүлөсү менен Дубайда жашап, чыгармачылыгын улантып келет.
Бош убактысында баскетбол ойногонду, сууда сүзгөндү жана парашюттан секирүүнү жакшы көрөт. Ошондой эле баш кийимдерден турган чоң коллекциясы бар. Ырчы кесиби боюнча архитектор-дизайнер. Мальмёдогу ЖОЖдордун бирин бүтүрүп, бирок кесиби боюнча иштеген эмес.