Биз социалдык тармакта

Депутат "Баатыр эне" наамын берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев парламенттин 23-апрелдеги жыйынында "Баатыр эне" орденин алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.

Жыйында "Баатыр энелердин" балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү демилгеси каралып жаткан.

Токтом долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Нуржамал Төрөбекова бул орденди алуу үчүн керектүү документтерди тизмектеди:

  • Ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн нотариус тарабынан кү­бө­лөн­дү­рүлгөн кө­чүр­мөлөрү;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Нике тууралуу күбөлүк;
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат.

Кылычбаев документтердин арасынан күбөлүктөрдү нотариус аркылуу күбөлөндүрүүнү алып коюуну сунуштады.

"Күбөлүктөрдү нотариус тарабынан күбөлөндүрүүнү жөн эле койсо, кандай болот? Ишти кайра көбөйтүп жатпайбызбы. Эне баланы карайбы же нотаруска чуркап жүрөбү?",- деди депутат.

Баатыр эне наамын алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү сунушталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан