Биз социалдык тармакта

Элвира Сурабалдиева Эмгек министрлигинин ишин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин бүгүнкү жыйынында Эмгек министрлигинин ишин сынга алды.

Айтымында, депутаттарга жөлөк пулдар боюнча кайрылуулар көп түшүүдө. Эл өкүлү жыйында Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын тургунунун кайрылуусун мисал кылды.

"Соттолгондугу тууралуу маалыматты, нотариустан тастыктоо кагаздарын аймактарда сурашат экен. Мунун баары эчак эле санариптештирилген да",- деди депутат.

Эмгек министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жарандын соттуулугу тууралуу маалыматты "Түндүк" тиркемесинен алууга болорун белгилеп, ал эми нотариус күбөлөндүргөн документтер боюнча маселени кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.

Эл өкүлү Эмгек министрлиги "Баатыр энелерге" документ даярдоодо жардам бериши керектигин белгиледи. Ошондой эле депутат бул тармак реформага муктаж экенин айтып, жетекчиликти мекеменин ишин иретке келтирүүгө чакырды.

"Эмгек министрлигинин эмне кереги бар? Жөлөк пулдар үчүн Айыл банк, Элдик банкка бар. Силер болгону ортомчусуңар. Ошол жактан эле бердирип койгула. Миграцияны өзүнчө бөлгүлө. Анткени ички жана тышкы миграцияны бир мекеме кылгыла. Бизде миграция бардык мекемелерде акыркы орунда калып, каралбай жатат. Эң жөнөкөй мыйзамга жардам бере албасаңар, ыйгарым укуктарды эки банкка бергиле. Парламенттеги бардык депутаттарга жөлөк пул, анын жол-жоболору боюнча кайрылуулар келип түшүүдө",- деди депутат.

Сурабалдиева Эмгек министрлигинин ишин сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан