Иран бийлиги АКШ Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөрдүн аймагын жана аба мейкиндигин Иранга каршы аскердик операцияларында пайдаланып жатканын билдирди. Бул тууралуу Иран БУУга кат жазганын чет элдик басылмалар жазышты.
Иран билдирүүсүндө Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдү АКШга жардам берүүдө деп айыптап, Иран тараптан жооп болорун билдирген. Ошондой эле аталган өлкөлөрдү коңшулук принциптерин сактоого жана өз аймагын Иранга каршы колдонууга бербөөгө үндөгөн.
Иран бийлиги айрыкча Араб Эмираттарын атап, агрессияга түздөн-түз катышканын жана Ирандын аба мейкиндигин бузуп кирүүдө чабуул жасаганын белгилеп өткөн.
Белгилей кетсек, учурда АКШ менен Иран убактылуу ок атышпоо келишимин карманууда. Бирок тараптардын сүйлөшүүгө качан барары белгисиз бойдон калууда.