Биз социалдык тармакта

Ош шаарына Оксфорд эл аралык мектеби курулат (видео)

Ош шаарына Oxford International School мектеби курулат. Бул тууралуу Оштун мэри Жанар Акаев билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы аталган мектептин негиздөөчүлөрү менен жолугуп, анда калаага мектептин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
"Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Мындай эл аралык билим берүү мекемелеринин ачылышы шаардагы атаандаштыкты күчөтүп, билим сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт",- деген Жанар Акаев.
Ошондой эле бул долбоор мектеп жетишсиздигин азайтууга олуттуу салым кошору кошумчаланган.
Ош шаары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан