Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттө жумушчу кеңешме өткөрдү.
Анда өкмөт башчы сөз сүйлөп жатып жыйынга видеобайланыш аркылуу катышып жаткан Таластын Айтматов районунун акими Нурланбек Умаровду тилдеди. Экрандан анын күлүп отурганын көрүүгө болот.
"Тиги күлүп жаткан ким? Айтматовдун акими, сиз эмне тойго келдиңизби?! Мылжыңдап күлүп отурасыз", - деди Касымалиев.