Түштүк Кореянын Иран боюнча атайын өкүлү Чун Бён-ха Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи менен жолугушту. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги билдирди.
Жолугушуу 22-апрелде болуп, тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.
"Чун Бён-ха дипломатиялык аракеттер жаңжалды токтотууга жана аймакка тынчтык алып келерине ишенимин билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Арагчи бул позицияны колдоп, Ирандын бул багытта Түштүк Корея менен кызматташууга даяр экенин ырастады", - деп жазылат маалыматта.
Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, Ормуз кысыгында Түштүк Корея менен байланышы бар 26 кеме жана 173 түштүк кореялык деңизчи калууда.