Биз социалдык тармакта

Оштогу "Кызмат" мекемесинин 2 кызматкери кармалды

Ош шаарындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат алар опузалап акча талап кылууга шектелип жатканын белгиледи. Шектүүлөр кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн акча алып келишкен.

Тагыраагы, алар чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырып турушкан. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Учурда тергөө иштери уланууда.

Оштогу "Кызмат"мекемесинин 2 кызматкери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан