Биз социалдык тармакта

Ошто документ жасалмалоого шектелген топ кармалды

22-апрель күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында документтерди жасалмалоо фактысы боюнча адамдардын тобу кармалды.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында Ош шаарынын нотариалдык округунун жеке нотариусу А.К.Г., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган жарандар Х.С.И. жана Т.И.М. бар.

Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда. Мындан тышкары укук коргоо органдары бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Бул окуя документ жүгүртүү жана нотариалдык кызмат көрсөтүү тармагында мыйзамдуулукту сактоо маселесин дагы бир ирет күн тартибине чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан