Астана шаарында блогерлер Ерболат Жанабылов жана Эльмира Толегенова боюнча соттук териштирүү уланууда. Бүгүнкү отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн айтууга тийиш болчу, бирок Толегенова сотко келбей калды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, анын жактоочусу Гаухар Айтжанова билдиргендей, Толегенованын келбей калышына ден соолугунун начарлашы себеп болгон. Анын айтымында, ал сотко чейин бир нече саат калганда өзүн жаман сезип, дарыгер чакырткан.
Сот отурумунун төрагасы Адильбек Баймаханов тийиштүү медициналык документтер сотко ошол учурда сунушталбаганын белгиледи.
Натыйжада сот тараптарга акыркы сөзүн даярдоо үчүн кошумча эки саат убакыт берди.
Иш боюнча териштирүү уланууда.