Бишкек шаарында коомдук транспорт системасын оптималдаштыруу иштери уланууда. Анын алкагында №244 кичи автобустук каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык,24-апрелинен тарта бул каттам “Кыргызстан” конушуна чейин узартылды. Бул чечим аталган аймакта жашаган тургундардын шаар ичинде жүрүүсүн жеңилдетүү максатында кабыл алынган.
Шаар бийлиги белгилегендей, маршруттук тармакты жаңылоо жана кеңейтүү аркылуу коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшыртылып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.