Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча иштер уланууда. Бул жолу А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан Аль-Мансур кафеси демонтаждалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Шаардык бийликтин маалыматына ылайык, бул чечим Ош шаарынын мэринин рейддик кыдыруусунан кийин кабыл алынган. Анда объект мыйзам талаптарына жооп бербей, уруксатсыз курулган деп табылган.
Учурда кафени бузуу жана аймакты тазалоо иштери тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлүүдө.
Шаарда мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана жоюу иштери мындан ары да системалуу түрдө улантылары айтылды.
Ош мэриясы билдиргендей, мындай чаралар шаардын тартибин жана коопсуздугун камсыздоого багытталган.