АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы тууралуу жаңы билдирүү жасап, ал аймактан өтүү маселеси АКШнын көзөмөлүндө болушу мүмкүн экенин айтты.
Трамп өзүнүн Truth Social платформасында, Иран менен келишим түзүлмөйүнчө Ормуз кысыгы аркылуу эч бир кеме АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн уруксатысыз өтө албай турганын белгиледи.
Анын айтымында, “Ормуз кысыгы иш жүзүндө жабык” болуп саналат жана Иран менен тынчтык келишими түзүлгөнгө чейин абал өзгөрбөйт.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай ташуулары үчүн эң маанилүү стратегиялык аймактардын бири болуп эсептелет.