Биз социалдык тармакта

Чүй жана Жалал-Абадда акциздик маркасы жок продукциялар аныкталды (видео)

Чүй жана Жалал-Абад облустарынан акциздик маркасы жок продукциялар аныкталды. Бул тууралуу 24-апрелде Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кант шаарында "Мырзабек" дүкөнүнөн 5510 куту акциздик маркасы жок тамеки продукциясын сатуу фактысы аныкталган.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы турак үйлөрдүн биринде акциздик маркасы жок 1400 куту тамеки, 212 бөтөлкө алкоголдук жана 100 бөтөлкө алкоголсуз продукция табылып, алынган.
Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Мекеме маркасы жок акциздик продукцияны 200 даанага чейин сатууда 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык сатууда 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жана кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
Чүй жана Жалал-Абадда акциздик маркасы жок продукциялар аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан