Биз социалдык тармакта

Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Баткен районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 24-апрелде облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы А.Б. аттуу жаран 46 жаштагы жарандын Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын 1 миллион сомго баалап сатып алып, акчасын бир айдын ичинде төлөп берүүнү убадалаган. Бирок көрсөтүлгөн мөөнөттө каражатты кайтарган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кармалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан