Президент Дональд Трамп АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө Ормуз кысыгында мина орнотууга аракет кылган кемелерди жок кылуу боюнча буйрук бергенин
билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.
Трамптын айтымында, берилген буйрук мина орнотууга аракет кылган кемелер менен катар чакан кемелерге да тиешелүү.
"Мен АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө Ормуз кысыгында мина орнотот деген кемелерди жок кылууну жана аларга ок атууну буйрудум",- деп жазды ал.
Мындан тышкары, АКШ президенти кысыкты минадан тазалоо иштерин күчөтүү тапшырмасын бергенин белгиледи.
"Биз азыр кысыкты тазалап жатабыз. Бул иштерди улантуу менен катар үч эсе ылдамыраак жүргүзүүнү буйрудум",- деди Трамп.
Саясий кырдаал жана сүйлөшүүлөр
Дональд Трамп ошондой эле 21-апрелде АКШ менен Ирандын ортосундагы атышууну токтотуу режими Пакистандын ортомчулугу менен убактылуу узартылганын билдирген. Ал жаңы мөөнөттү так атаган жок.
Анын айтымында, АКШ Ирандын жетекчилигинде ички пикир келишпестиктер бар деп эсептейт жана сүйлөшүүлөрдө бирдиктүү позиция калыптанганга чейин күтөт.
Трамп ошондой эле АКШ Ирандын айрым портторуна блокада жүргүзүүнү уланта турганын кошумчалады.
Сүйлөшүүлөр боюнча абал
Буга чейин Исламабадда АКШ менен Ирандын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөрү күтүлгөн, бирок ал ишке ашкан эмес. Жаңы жолугушуунун датасы азырынча белгисиз.
Иран тараптын билдирүүсү 
Иран делегациясынын башчысы, өлкө парламентинин спикери Мохаммад Калибафтын өкүлү Мехди Мохаммади АКШны Иранга күтүүсүз сокку урууга даярданып жатат деп айыптады. Ал Тегеран АКШнын атышууну токтотууну узартуу сунуштарына көңүл бурбай, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык аракет кыларын белгиледи.