Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Вьетнам экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Вьетнам кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуунун долбоорун жактырышты. Бул тууралуу 24-апрелде Экономика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-23-апрелде Ханой шаарында эки өлкө ортосунда кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу макулдашуу боюнча экинчи раунд сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – эки өлкөдө тең иш алып барган ишкерлерди кош салык төлөөдөн бошотуу. Бул өз кезегинде инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүп, Бишкек менен Ханойдун ортосундагы сооданы жандандырат.
Ошондой эле бул макулдашуулар Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары эсептелет.
Макулдашуунун долбоору ар бир тараптын мыйзамдарында каралган бардык зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандан кийин кол коюлат.
Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 2013-жылы Бишкек шаарында болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан