Биз социалдык тармакта

Бишкекте Сүйөркулов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды

Бишкек шаарында Сүйөркулов көчөсүнүн бир бөлүгү жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Тактап айтканда, Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки 100-150 метр аралыгы жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кыймылына чектөө 25-апрель саат 18:00дөн 26-апрель саат 09:00гө чейин уланат.

Бул тилкеде диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Иштерди Бишкексууканал муниципалдык ишканасы аткарып жатат.

Ишкана шаар тургундары менен конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарын алдын ала пландаштырууну суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан