Биз социалдык тармакта

Кыргызстан тоо күн тартиби боюнча аймактык кызматташтыкты күчөтүүдө

Кыргызстан аймактагы тоо күн тартиби боюнча лидерлик позициясын дагы бир жолу көрсөттү. Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында "Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: аялуулуктан туруктуу өнүгүүгө карай" аттуу стратегиялык сессия уюштурулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сессияда Динара Кемелова Кыргызстандын президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү катары чыгып, тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди жана 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25 Глобалдык тоо саммити” саммитине даярдыкты тааныштырды.

Ошондой эле Айбек Асанов климаттык каржылоо аркылуу тоолуу өлкөлөргө инвестиция тартууга багытталган Глобалдык туруктуулук борборунун концепциясын сунуштады.

Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн экология министрлери катышып, мөңгүлөрдүн эришине жана жерлердин деградациясына каршы биргелешкен чараларды талкуулашты.

Эксперттердин баамында, бул сессия Кыргызстандын “тоо дипломатиясындагы” ролун бекемдеп, аймактагы туруктуу өнүгүү маселелеринде маанилүү борбордук оюнчу экенин дагы бир жолу тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан