Бразилияда өтүп жаткан World Boxing уюмунун 2026-жылкы Кубогунун биринчи этабында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу мелдешти жыйынтыктады. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, спортчу 60 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда АКШнын спортчусу Салим Эллис Бэй менен беттешип, 1:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Мунарбек буга чейин Армениянын өкүлү Артур Базеянды жеңип, чейрек финалга чейин жеткен болчу.
Белгилей кетсек, бул мелдеш дүйнөлүк бокс рейтингине таасир эткен маанилүү турнирлердин бири болуп эсептелет.