Чүй милициясы билдиргендей, облус аймагында бейбаштыкка шектелген 3 жаран кармалды.
Аламүдүн РИИБге 38 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 27-мартта Васильевка айылында үч айылдашы себепсиз денесине залал келтирип, качып кетишкенин билдирген.
Аталган факт катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анда жабырлануучу жеңил жаракат алганы аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 18, 39 жана 21 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.