Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаранды жергиликтүү тургундар кармап алышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тараган.
Анда маалымдалгандай, окуя 24-апрелде Киргизия көчөсүндө катталган.
Биринчи Май райондук милиция билдиргендей, шектүү 24 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.